Өзгөрмө ток электр кыймылдаткычы

Википедия дан

Өзгөрмө ток электр кыймылдаткычы - электр кыймылдаткычынын бир түрү; электр энегриясын мех. энергияга айландырат. Ал асинхрондук жана синхрондук болуп айырмаланат. Асинхрондук өзгөрмө ток электр кыймылдаткычы статор менен ротордун оромдорунда өтүүчү өзгөрмө ток пайда кылган магнит талаасы менен иштейт. Магнит талаасынын ротордун кыска туташуучу тогу менен мындай өз ара аракеттенүүсү магнит талаасынын жылуу багытына карата айлануу моментин түзөт. Ротор магнит талаасынан артта калат же болбосо асинхрондуу айланат. Ушундай артта калып айлануу учурунда гана магнит талаасы ротордун оромдорунун өткөргүчтөрүн кесип өтүп, ток пайда кылат. Демек, энергия кыймылсыз статордон айлангыч роторго берилет. Асинхрондук өзгөрмө ток электр кыймылдаткычы бир жана үч фазалуу болот. Бир фазалуу электр кыймылдаткычынын кубаттуулугу аз болуп, негизинен, үй тиричилик приборлорунда колдонулат. Үч фазалуу асинхрондук өзгөрмө ток электр кыймылдаткычы кеңири пайдаланылат. Түзүлүшү жөнөкөй, тейлөөгө ыңгайлуу, ишенимдүү иштейт, наркы салыштырмалуу арзан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]