Пайдалуу аракет коэффициенти

Википедия дан

Пайдалуу аракет коэффициенти – энергияны өзгөртуүдөгү же берүүдөгү системанын (түзүлуштүн, машинанын) аракеттүү мүнөздөмөсү; пайдалуу (керектелген) энергиянын (Wn) система алган энергиялардын суммасына (Wc) болгон катышы (р) менен аныкталат: r|=W /Wc. Пайдалуу аракет коэффициенти – бирдиксиз чондук. Ал электр кыймылдаткычтарында пайдалуу механикалык жумуштун булактан алынган электр энергиясына болгон катышы, жылуулук кыймылдаткычтарында пайдалуу механикалык жумуштун чыгымдалган жылуулук санына болгон катышы менен эсептелет. Сүрүлүү, чөйрөдөгү нерселерди ысытуу ж. б. кубулуштарда энергия сөзсүз коромжу болгондуктан, р < 1 жана ал дурус бөлчөк түрүндө же процент менен туюнтулат. ЖЭСтин Пайдалуу аракет коэффициенти (35- 40% ке, ичинен күйүүчү кыймылдаткычтыкы 40- 50% ке, трансформатордуку 98% ке жетет. Карно цикли өтө чоң Пайдалуу аракет коэффициентине ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]